Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан бир адам жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Көк-Серек" чек ара тозотунда 18-январда ок атышуу орун алып, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу 19-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын чек арачылары Ажек аймагында чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп, аңчылык кылып жүргөн Өзбекстандын үч жаранын көрүшкөн. Алар кыргыз чек арачыларынын куралдарын тапшырып, колго түшүп берүү талабын аткаруунун ордуна чек арачыларга ок атышкан. Эки тараптын ок атышуусунан аңчылардын бири жарадар болгон. Калган экөө окуя болгон жерден качып баратканда өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. Буга чейинки келишимдерге ылайык, жарадар болгон өзбек жаранына медициналык жардам көрсөтүлүп, тартылып алынган үч куралы менен кошо өзбек чек арачыларына өткөрүлүп берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dadasdasd
2015-01-19 10:17:34
Чек арачыларга рахмат. Кудай колдосун, кыргызда да курал, кайрат, намыс бар экенин билдирип кызматынарды отой бергиле, эл силер менен.
+5
Dadasdasd
2015-01-19 10:20:44
(качып баратканда Буга чейинки) тушунуксуз.
0
Nurmuhammad
2015-01-19 10:50:40
Эмне учун откоруп берет кызык??
Биздин кыргыздарга эч тушунбойсун да?!
+4
Looks
2015-01-19 10:55:39
ХХХ ХХХ ХХХ... салбайбы
+4
kursantbek
2015-01-19 11:20:28
Looks, ага сен жооп бересинби анан тиги дуйного барганда???
-2
admin_portal
2015-01-19 11:42:49
Looks - эскертүү! Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
tagokg
2015-01-19 10:58:34
Кыргыз чек арачыларында адамгерчилик деген сапат бар, азаматтар.
+1
Samina007
2015-01-19 11:27:50
Ээ жакшы иш болуптур анда
0
Samina007
2015-01-19 11:31:16
Азаматсынар!!!!Мекенди коз карегиндей сактаймын дегенден сон караш керек.Окмотубуз жондон жон эле кийим кийгизип.оокатын бербейтта
+1
Samina007
2015-01-19 11:34:23
Молодец жакшы булар нарушителди аткылашыптыр дагы,баткенде оздорун озу ит аткандай атып салыштыго
+1
nabi89
2015-01-19 19:38:25
Биздин чондор откоруп бербесин эмне болот билет алар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан