Токмокто иске ууланып каза болгон үй-бүлөдөн жалгыз аман калган кыздын абалы оор бойдон

Токмок шаарында 8-январда бир үй-бүлөдө 3 кыз жана алардын атасы иске ууланып каза болгону айтылган. Бул каргашалуу окуяда ал үйдө аман калган 21 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жүрсүн Кошоева билдирди. 
"Учурда 21 жаштагы кыздын абалы оор. Ал буга чейин дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алып келсе, азыр өз алдынча дем ала баштады. Учурда дарыгерлер анда баш мээ шишиги жана өпкө шишиги бар экенин аныкташты. Бул кыз менен бирге ооруканага түшкөн сиңдиси 5 сааттан кийин каза болуп калган. Тилекке каршы, ага биз жардам бере алган жокпуз, себеби ал ооруканага өтө кеч алынып келген. Атасы жана 4 кыз 17 сааттай үйүндө эс-учу жок жатып калышкан. Эки кыз менен алардын атасы үйдөн каза болуп, ал эми ооруканага түшкөн эки кыздын бири да каза болуп калган. Учурда аман калган кызды мындан ары дарылоо үчүн Бишкектеги ооруканалардын бирине котордук. Бирок кыз мурунку калыбына келеби же жокпу, азырынча белгисиз",- дейт Ж.Кошоева. 
Дарыгердин айтымында, учурда каза болгон кыздардын энесинин да абалы оор. Ал жалаң гана дарынын жардамы менен жашап жатат. Ошондой эле азырынча бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү эмне себептен улам каза тапкандары тактала элек, ал эми тиешелүү анализдерден алардын канынын курамында ис көп экени аныкталган болчу.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Zumrud
2015-01-22 20:46:20
Is degen emneken al?
0
Ariet7
2015-01-22 21:14:47
Zumrud, ис деген угарный газ печкага комур же болбосо бир нерсе жаксан и вентиляция (мор) иштебесе ошол кулдон (калдыктан)уу болунуп чыгат да уйду билинбей каптап кетет
0
sherzatik
2015-01-22 22:14:19
Абдан окунучтуу.Жаткан жерлери жайлуу болсун!
0
Boldukan86
2015-01-23 00:12:18
Бечара апасы. Албетте абалы оор болотда.
+1
orhidea83
2015-01-23 01:48:32
Эмне себептен каза тапкандары тактала элек , анализден чыгыптырго канында ис коп экени аныкталыптырго значит истен эле болсо керек.... Эмне болгондо да ото жаман иш болуптур апасына жана кызына ден соолук сабыр тилейм.
+1
Deesmond
2015-01-23 02:07:32
((((((((( жаткан жерлери жайлуу болсун,
апасы менен Кызы сакайып кетсин!
+1
kama_future_millioner
2015-01-23 02:22:23
Ден соолук берсин кудайым
+1
meli12
2015-01-23 02:51:34
Кудай шыпаа берсин. Сакайып кетишсин.
+2
temirov76
2015-01-23 09:55:06
АЛЛАХтын бешенеге жазганы да,баарыбыз эле бир кун ошол эки метр жерге барабыз,апасына сабырдуулук тилейм.
+1
yasmina_kg
2015-01-23 11:59:05
Аллахым шыпаа берсин.Пенделерине балдарын жамандыгын корсотпо.
+2
Jikos
2015-01-23 12:29:50
жаман иш болуптур((((((((((((((((((((((
0
al79mi
2015-01-23 14:43:01
Башында тамактан ууланышкан дегендей болжолдоп жатышты эле, демек иске ууланышкан экен да...неси болсо да жаман болуптур...эмикызына жана апасына омур берсин алла таала...
0
mikinookat
2015-01-23 15:14:21
эч качан ата-энеден балдарын ажыратпасын,жок дегенде ушул кыз апасы учун жакшы болуп кетсин,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан