Жылнаама, 1-февраль: Мындан 2 жыл мурун Египеттин Порт-Саид шаарынын стадионунда футбол оюну учурунда чыр чыгып, 73 киши каза болгон

* Мындан 108 жыл мурун, 1907-жылы алайлык кыргыздардын канышасы Курманжан датка Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сары-Мазарга коюлган. Курманжан датка 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Муңгуш уруусунун Жапалак уругунан. Курманжан жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин анча мааниси жок Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үч-Таш жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жыл чамасында башы бош отуруп калат. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Курманжан Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. 
 
* Мындан 26 жыл мурун, 1989-жылы “Токто, жаным” деген ыры менен таанылган ырчы Данияр Эрматов Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык институтунун бажы бөлүмүнө тапшырган. Данияр Эрматовдун репертуарындагы ырлары: "Жалгызым", "Жүрөгүм", "Неге?" ж.б. Ырчылыктан сырткары тасмаларга продюсерлик кылып, актёрлук менен да алек. "Салам, Бишкек!" аттуу тасмасынын продюсери болсо, "Салам, Бишкек!-2" тасмасында роль жаратканга үлгүргөн. 
* Мындан 84 жыл мурун, 1931-жылы Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин Сибирдеги алыскы айылдардын биринде туулуп-өскөн. 30 жашында Коммунисттик партияга мүчө болуп кошулган Ельцин өзү туулган Свердловск облусунда улам бир партиялык тепкичке көтөрүлүп отуруп, 1985-жылы ал кездеги ЦК КП төрагасы Михаил Горбачёвдун колдоосу астында Москвага алынып келинген. Москва шаардык компартиясынын башчысы болуп туруп, 1987-жылы Компартиянын Борбордук комитетинин мүчөлөрүн ачык сындап, жыйындан чыгып кетип, кызматынан бошотулган. Бирок 1990-жылдын май айында Орусиянын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланып, андан бир ай өтүп-өтпөй СССРдин алкагында Орусия көз карандысыздыгын жарыялаган. Кийинки айда Ельцин партиядан чыгып, бир жылдан кийин ал Орусиянын алгачкы президенти болуп шайланган. Борис Ельцин көпчүлүктүн эсинде 1991-жылдын август айында Советтер Союзун кайра түзмөкчү болгон “ПУТЧ” деген атка конгон төңкөрүштү жеңип, Кызыл аянтта танктын үстүнө туруп алып сүйлөгөнү тарыхта калган. Анын бийлиги тушунда Орусияда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш боло жаздап, Чеченстанда эки ирет согуштук аракеттер башталган. Элдин баары 2000-жылды тосууга камданып жатканда, күтүүсүздөн өз бийлигин Путинге өткөрүп берип баса берген. Орусиянын алгачкы президенти Борис Ельцин ден соолугу кескин начарлап кетип, 76 жаш курагында 2007-жылы 23-апрель күнү дүйнө салган. 
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Египеттин Порт-Саид шаарынын стадионунда жергиликтүү "Аль-Масри" клубунун жана каирдик "Аль-Ахли" клубунун ортосунда болгон оюн учурунда чыр чыккан. Оюн учурунда күйөрмандар чуркап чыгып, "Аль-Ахлинин" футболчуларын сабап киришкен. Массалык мушташтан жана тыгындан 73 киши өлүп, миңдеген киши ар кандай жаракат алышкан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Индонезиядагы жанар тоонун атырылып чыгышынан 14 адам көз жумушкан. Алар вулкандын ысык түтүнүнө туш болушкан. Каза тапкандардын денеси Синабунг вулканына жакынкы айылдардан табылган. Набыт болгон 4 мектеп окуучусу вулканды көрүү максатында келгени аныкталган. 
Синабунг – Суматра аралынын түндүгүндө жайгашкан жана 400 жылдан кийин кыймылга келип, 2010-жылы атырылып чыккан.
1-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан