"Бир болчу" Нурбек Мурашев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салды

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты, “Бир бол” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Нурбек Мурашев Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Кабулжан Кимсанбаевди сабап салды. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, окуя 2015-жылдын 3-сентябрь күнү болжол менен саат 11:30да Кабулжан Кимсанбаев Ноокен районунун Сакалды айыл аймагындагы партиянын штабын текшерип барган учурда болгон. Окуяга күбө болгондор Нурбек Мурашев Кимсанбаевди оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, күч колдонуу менен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү 096 KG номерлүү кызматтык автоунаасына салып кеткенин айтышканы белгиленет маалыматта. 
Мурашев талапкер Кабулжан Кимсанбаевди Сакалды айылына жакын жердеги талаага алып барып денесине оор жаракат келтиргени, депутаттан токмок жеген Кабылжан Кимсанбаев ден соолугуна келтирилген соккунун кесепетинен шок абалына түшүп, Ноокен райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазганы айтылды. 
Окуя Ноокен ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштарды каттоо китепчесине №805-саны менен катталып, укук коргоочулар тарабынан жабырлануучу боюнча соттук медициналык-экспертиза дайындалды.

Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан