Асылбек Кадралиев: "Тажикстан менен болчу беттешке карата 14 миңдей билет сатыкка чыккан, билеттер 8-октябрга чейин гана сатылат"

8-октябрда Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда кыргыз футболчулары Тажикстан менен беттешет. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 19:30да башталат. Бул беттешке карата жалпысынан 18 миң билет басылып чыгарылган. Анын ичинен 14 миңге чукулу сатыкка чыгып, бүгүнкү күндө стадиондун кассасында сатылууда. 
Футбол федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев билдиргендей, билеттер кассадан башка жерде сатылган жок. "Австралияга каршы беттештегидей билетти айрымдардын сатып алып, кайра беттеш күнү кымбат баада сатуусуна жол берген жокпуз. Билеттер орундарына карата 150 сомдон 700 сомго чейинки баада сатылууда. Эртең, 7-октябрда түштөн кийин сатыктагы билеттер түгөнүшү мүмкүн. Мурункудай ызы-чуу болбош үчүн 8-октябрда билеттер сатылбайт",- деди ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BAYAW-KG
2015-10-06 15:17:39
Аустралиа мн болгон ойунда эн кымбаты 500 сом элего эмнеге азыр 700 сом
0
newman
2015-10-06 17:18:55
аустралиа:). Австралия 700 сом жакшы эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан