Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалганы айтылды

Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматтарда жазылгандай, мындай чечим аталган өлкөнүн Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйынында бүгүн кабыл алынган.

Бирок Өзбекстандын айрым жергиликтүү маалымат булактары Мирзийоевдин аты менен катар президенттин убактылуу милдетин аткаруу кызматына келди деп Нигматилла Юлдашевдин да атын аташууда.

Айта кетсек, Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнө салганы жарыяланган. Анын сөөгү 3-сентябрь күнү Самарканддагы "Шахи-Зинда" мемориалдык комплексине коюлган.

Мирзийоев Шавкат Миромонович 1957-жылы туулган. Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбаны механизациялоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун башчысы кызматынан баштаган. Андан соң Жызак жана Самарканд облустарын жетектеген. 2003-жылдан тарта Өзбекстандын премьер-министри кызматында иштеген. 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн өкмөт башчылыгына кайра келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан