Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президенти болуп шайланды

Шавкат Мирзийоев Өзбекстандын президенти болуп шайланды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, ал 88,61 пайыз добуш топтоду.

Маалым болгондой, шайлоого 17 миллион 951 миң жаран катышты. Бул добуш берүүчүлөрдүн 87,73 пайызын түзөт.

Өзбекстандын президенти кызматына 4 талапкер ат салышкан: Шавкат Мирзийоев (Либерал-демократиялык партиясы), Хотамжон Кетмонов (Элдик-демократиялык партиясы), Сарвар Отамурадов ("Миллий тикланиш" демократиялык партиясы), Наримон Умаров ("Адолат" социал-демократиялык партиясы).

Мирзийоев Шавкат Миромонович 1957-жылы туулган. Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбаны механизациялоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун башчысы кызматынан баштаган. Андан соң Жызак жана Самарканд облустарын жетектеген. 2003-жылдан тарта Өзбекстандын премьер-министри кызматында иштеген. 2015-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөнүн өкмөт башчылыгына кайра келген.

Эскерте кетсек, быйыл 2-сентябрда Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан