“Түштүк аймагындагы кээ бир айылдарда Кыргыз мамлекетинин каналдары тартпай, Өзбекстандыкы, Тажикстандыкы көрсөтүлүп жатат”, - деп бүгүн, 10-февралда “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Депутат аталган мамлекеттердин каналдарын көрсөтүүгө бөгөт коюучу аппарат тууралуу сурады.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев аппарат бар экенин айтты. Ошол эле учурда көзөмөлгө алынып жана бул боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.