Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарында "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканы тууралуу сүйлөшүүлөр болбойт. Бул боюнча SUPER.KG порталы президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге байланышканыбызда билдирди.
"Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайып Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргыз өлкөсүндө жоголушу боюнча сурады. Эрдоган аны тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар боюнча билгиси да келбесин айтты", - деп билдирди Султанбаев.
Маалымат үчүн:
Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Арызда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.