КОЖОЙКЕНИН КУРЖУНУНА

Кагаз кутудагы сүт тез ирип кетпесин десеӊиз, кутуну ачарыӊыз менен бир чымчым туз салып коюӊуз, сүт көпкө чейин ирибейт.

Мискейдин оозуна туурасынан жыгач кашыкты коюп койсоӊуз, ичиндеги кайнап жаткан суюктук ташып кетпейт.

Бир саамга эле алаксып, кара басып бышырып жаткан күрүчүӊүз казандын астына тартып кеттиби? Күрүч күйүк жыттанып калды деп кайгырбаӊыз, казанды ачып бир кесим ак нанды күрүчтүн үстүнө коюп, капкагын жаап коюӊуз, нан күйүктүн жытын сиӊирип алат.
10-15 мүнөттөн кийин ачып, күрүчтүн күйбөгөн үстүнкү бөлүгүн тарелкага кылдат бөлүп салып алыӊыз да, сыр билгизбей тамагыӊызды дасторконго коё бериӊиз.

Сырды сүргүчтөн өткөргөндө жабышып айлаӊызды кетирип жатса, бул абалдан чыгуунун жолу опоӊой. Сүргүчтү өсүмдүк майы менен майлап, анан сырды өткөрсөӊүз биринчиден, жабышпайт, экинчиден, оӊой жуулат.

Таттуу болгар калемпирин тазалап жатканда данектерин ыргытып жибербей, кургатып сактап коюӊуз. Данектеринин курамында калемпирге караганда пайдалуу заттар көп. Кышкысын тамак-ашка кошсоӊуз өзгөчө даам жана жыт берет.

Эгер лимондон көбүрөөк шире сыгып алам десеӊиз, алдын ала 5 мүнөт ысык сууга лимонду салып коюӊуз.

Мүшөктө сакталып турган картошка тез өнүп кетпеши үчүн арасына алма аралаштырып салуу керек.

Чили калемпирин ашканада колдонордон мурун колуӊузду өсүмдүк майы менен майлап алсаӊыз, жууганда калемпирдин ачуусу колдон оӊой кетет.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
orozova
2015-08-24 11:01:12
Жакшы кенештер экен
+3
mirana9395
2015-08-24 13:27:52
Аябай жакты керектуу кенештер экен рахмат сиздерге супер инфо
+1
Gulzada2304
2015-08-24 18:25:05
эң керектүү кеңештер экен
0
perichte
2015-08-24 22:51:59
Куз келди, кышкы салаттардын рецептерин жазып баштагыла.
0
Meka77
2015-08-24 23:40:09
Сонун кенештер экен.
+1
AFRODITA-89
2015-08-24 23:56:47
сонун экен
0
Ayka1994
2015-08-25 12:40:54
сонун кенештер экен
0
Erkatay1108
2015-08-25 16:54:11
Соонун кенеш экен Супер-инфо кантип кочуруп алсам болот кийин таппай калам
0
Erkatay1108
2015-08-25 16:56:39
Жакшы кенеш экен Супер-инфо кантип кочуруп алса болот кийин таппай калбас учун
0
Rucalka
2015-08-25 17:01:08
Erkatay1108, мм... кадимкидей...
Текстти выделяйтетип Ctrl+Cни бас, Wordду ачып, ал жакка Ctrl+Vни басып коюп, сактап ал компуна.
+1
Erkatay1108
2015-08-28 03:28:44
таппай жатам Ctrl+CHи
0
aku
2015-08-26 16:14:42
Жакшы болбодубу,эки уч кун мурун полуострый перец тазалайм деп колум канча ачышты,ыссып жаман болбодумбу
0
adina_love
2015-08-26 20:36:06
Супер инфо сураныч кышкы салаттардын турлорун жазып чыгаргылачы эмки санына
0
admin_portal
2015-08-27 11:24:58
adina_love, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтемелер аркылуу өтүңүз:
http://www.super.kg/article/show/12361
http://www.super.kg/article/show/12041
http://www.super.kg/article/show/5109 ж.б.
Дагы көп түрүн гезит бетине жазып чыгарганга аракет кылабыз.
0
Kara_koz
2015-08-27 00:31:19
сонунгоооо
0
Mars55
2015-08-27 15:37:45
аялыма айтып коюушум керек экен жакшы кенеш экен
0
Nur.88
2015-08-28 18:29:11
Жакшы кенештер экен.
0
aslan_akjol89
2015-08-30 19:34:30
Экинчи кенешке "кандайча "деп эч тушунбой койдум.Ашып эле кетет менимче жыгач кашыктан бироону экоону койсон деле.Негизи жакшы кенештер экен.Кошуна келинге айтып коюш керек экен)))
+1
jypar.i
2015-09-01 01:34:41
aslan_akjol89,кошуна келиндин тамагын көп ичет окшойсуң
0
№ 668, 21-август-27-август, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан