2015-жылдын 11-январга караган түнү Бишкектеги балдар ооруканасына оор абалда түшкөн 2 жашар баланын абалы жакшырып, буту-колун кыймылдатып жатат. Муну Бишкек балдар ооруканасынын "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери
Талант Өмүрбеков 26-февралда
SUPER.KG порталына билдирди. Бирок дарыгер бала дагы эле эсине келе албай жатканын айтат.
"Денесиндеги жарааттары айыгып, буту-колун кыймылдатып, мурдагыга караганда жакшы боло баштады. Тилекке каршы, эсине келе албай жатат",- деди Өмүрбеков.
2 жашар баланы карап жаткан 3 медайымга айына 12 миң сомдон айлык берилип жатканын кошумчалады.