Малик Осмонов, депутат: "Кумтөр" маселеси телесериалга айланып, элди алаксытып жатат”

"Кумтөр" маселеси азыр кызыктуу телесериалга айланып, элди алаксытып жатат” деп билдирди депутат Малик Осмонов бүгүн, 12-февралда ЖКнын комитет жыйынында. Депутат 20 жылдын ичинде "Кумтөр" маселеси боюнча бир нече комиссиялар түзүлүп, мыйзам бузууларды аныктаганына карабастан, бир дагы натыйжа чыкпаганын айтты. "Азыр "Кумтөр" боюнча бат-баттан комиссия түзүлүп, ызы-чууга айланды. Түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишине эл кызыгуу менен карап турат. Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда "Кумтөрдү" афферисттерге кармата берген бийлик төбөлдөрүнүн фамилиялары аталыптыр. Бул маселе сүйлөшүү жолу менен көз жаздым болуп кетпейби?"- деди Осмонов. Буга аталган комиссиянын төрагасы Темир Сариев “комиссия чоң жоопкерчилик турганын сезип, чечкиндүү чараларга баруу менен бул маселеге укуктук баа берилиши керек” деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан