13-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Патрисия Флор менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызcтан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтык маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү, сот-укуктук реформалары жана мыйзамдуулукту камсыздоо тармагында өз ара биргелешип иштөө жана коопсуздук маселелери талкууланды. Өз кезегинде Патрисия Флор Европа биримдиги Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.