Биз социалдык тармакта

Миландагы Diesel көргөзмөсүнө катышкан Сумая: "Модель болом деп ойлогон эмесмин"

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын бул жолку каарманы – Миландагы Diesel брендинин мода көргөзмөсүнө катышкан 19 жаштагы мекендешибиз Сумая Тажиева. Модель болууну мурун кыялданбаган Сумая бул тармакка кокусунан келип, бүгүн эл аралык подиумга чыгып отурат. Аны менен моделдик жолунун башталышы жана алгачкы эл аралык тажрыйбасы тууралуу маектештик.

- Саламатсыңбы, Сумая! Алгач өзүң жөнүндө айтып өтсөң.

- Саламатсызбы! Мен 2007-жылы Орусиянын борбору Москва шаарында төрөлгөм. Орто мектепке чейин ошол жакта жашадым. Андан кийин Баткенге көчүп келдик. Жашоомдогу эң маанилүү мезгилдердин бири ошол жакта өттү десем жаңылышпайм.

- Моделдик тармакка кантип келип калдың? Бала кезиңден эле модель болууну кыялданчу белең?

- Чынын айтсам, модель болом деп эч качан олуттуу ойлонгон эмесмин. Бирок айланамдагылар мага ушул тармакта өзүмдү сынап көрүүнү көп айтышчу. Кийин Бишкекке көчүп келгенде Avanto Models агенттигинин кастингине катышууну чечтим. Ошентип, моделдик жолум башталды.

- Миландагы Diesel брендинин мода көргөзмөсүнө катышканың интернетте чоң кызыгууну жаратты. Бул көргөзмөгө кантип тандалып калдың? Ушул тууралуу айтып өтсөң.

- Мынчалык чоң кызыгуу жаралат деп күткөн эмесмин. Анткени ошол учурда ушунчалык масштабдуу көргөзмөгө катышып жатканымды, мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгон алгачкы моделдердин бири экенимди толук түшүнө элек болчумун. Көргөзмөгө бир жарым жумадай убакыт калганда Diesel брендинин кастингине чакыруу алдым. Бул брендди көптөн бери байкап, алар кандай типтеги моделдерди тандаарын болжол менен билчүмүн. Кастингден өткөндөн кийин бир жумадан соң кийимдерди кийип көрүүгө чакырышты. Андан соң көргөзмөгө катышарым белгилүү болду.

- Европадагы көргөзмөдө өзгөчө эсиңде калган учур менен бөлүшсөң.

- Бул көргөзмөнүн атмосферасын өмүр бою эстеп калам деп ойлойм. Көргөзмө баштала электе эле көшөгө артында камералар абдан көп болчу. Кайсы тарапты караба, сени тартып жаткан камера бар. Андан кийин сахнага чыгууга даярдык башталат. Жаңы адамдар менен таанышасың, толкунданасың, ар кандай сезимдерди баштан өткөрөсүң. Ошол күндөгү атмосфера жана сезимдер мен үчүн эң эсте калган учурлар болду.

- Келечекте кайсы бренддер менен иштешкиң келет? Кайсы моделди кумир тутасың?

- Келечекте Chanel бренди менен иштешүүнү кыялданам. Бул бренд мен үчүн өзгөчө орунда турат. Кийимдеринин стили, жарашыктуулугу, ошол эле учурда күнүмдүк жашоодо кийүүгө ыңгайлуу болгону мага жагат. Бир эле моделди кумир тутам деп айта албайм. Бирок көп убакыт бою Шалом Харлоудан шыктангам. Ал мен үчүн чыныгы муза болгон.

- Кыргызстан менен Европадагы моделдик тармактын кандай айырмачылыктарын байкадың.

- Менимче, айырмасы бир топ чоң. Кыргызстанда мода Европадагыдай маанилүү орунду ээлей элек. Европада мага өзгөчө байкалган нерсе бул – табигыйлык. Ашыкча боёнгон же өтө эле көзгө урунган образдагы моделдерди көп көрбөйсүң. Менимче, табигый сулуулук жана өзүңдүн өзгөчөлүктөрүңдү көрсөтө билүү модель үчүн чоң артыкчылык.

- Эл аралык моделдик карьераны баштоону кыялданган кыргыз кыздарына кандай кеңеш берет элең?

- Өзүм моделдик тармакта болгону бир жылдан бери иштеп жатам. Ошентсе да өзүм маанилүү деп эсептеген кеңештерим менен бөлүшүп өтөйүн. Биринчиден, агенттиктердин талаптарын алдын ала изилдеп алгыла. Эл аралык моделдик тармакта талаптар бир топ катуу болушу мүмкүн. Бул талаптарга жооп берүү оңой эмес экенин түшүнөм. Бирок бул тармакта өнүгүүнү кааласаңар, мүмкүнчүлүк чыкканда даяр болуш үчүн алдын ала аракет кылган жакшы.

Экинчиден, башынан эле өтө чоң ийгиликтерди күтпөш керек. Баары кандай болорун алдын ала биле албайсың. Эгер башынан эле чоң көргөзмөлөргө катышам деп күтсөң, алгач сунуштар түшпөй калганда көңүлүң чөгүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ар кандай жагдайларга даяр болуп, жашоого реалдуу караш керек. Балким, чоң көргөзмөгө катышасың, балким, башында эч кандай сунуш албайсың. Мунун баары бул жолдун бир бөлүгү. Эң негизгиси дайыма өнүгүүнү улантып, тажрыйба топтоп, бул тармакка болгон кызыгууңду жоготпошуң керек.

- Убактыңды бөлүп, маек куруп бергениңе чоң рахмат! Эл аралык подиумдарда дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып, кыялдарыңа жете бер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан