Түркиялык актёрлор Мерьем Узерли менен Халит Эргенч Египетте өткөн Эль-Гуна кинофестивалында жаңы тасмасын тааныштырышты. Бул тууралуу The Voice журналы жазды.
Алар режиссёр Өзжан Алпер тарткан «Имроздогу жаз» тасмасын көрүүчүлөргө сунушташты. Кинодо Гөкчеада аралында жолдору кесилишкен эки адамдын окуясы баяндалат.
Мерьем Узерли тасманын бет ачарына кара түстөгү, көк гүлдөр менен кооздолгон көйнөк кийип келсе, Халит Эргенч ак көйнөк, галстук жана кара пиджак тандаган.
Актриса тасма үмүт, сүйүү, айыгуу жана экинчи мүмкүнчүлүк тууралуу экенин белгилеген. Анын айтымында, искусство адамдарга айырмачылыктарды кабыл алууга жана бири-бирин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.