Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акысы коомчулукка ачык болушу керекпи? (эксперттердин пикири)

Белгилүү болгондой, 2012-жылы “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” бирикмеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык акысын ачыктоо талабы менен парламентке кайрылып, бирок эч кандай жооп болбогонун айтып Бишкектин райондор аралык сотуна арыз жазган. Райондор аралык сотунан, андан кийин шаардык соттон Жогорку Кеңешти утуп чыккан бул уюм Жогорку Соттон утулду. Анткени Жогорку Сот райондук жана шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, депутаттардын айлыгы коомчулукка жарыяланбашы керектиги тууралуу чечим чыгарды. Эл өкүлдөрүнүн маянасынын ачык же сыр бойдон калышы тууралуу айрым адамдарга кайрылып көрдүк.

 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык акысы коомчулукка ачык болушу керекпи? 

 

Бакыт Бакетаев, серепчи:

 

- Депутаттардын айлык акысы коомчулукка белгилүү болушу керек. Жогорку Сот “депутаттардын маянасы сыр болсун” деп депутаттардын баарын уят кылды. Жогорку Соттун бул чечимин Бишкектин жашоочусунан ЦУМдун дарегин жана анын канча кабат экендигин жашыруу менен салыштырсак болот. Себеби ЦУМду элдин баары билет. Анын сыңарындай, депутаттардын маянасы жашыруун эмес болчу, муну депутаттар өздөрү деле айтып жатышпайбы азыр. Жогорку Сот эмне үчүн мындай чечим кабыл алганын мен түшүнгөн жокмун.

 

Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын депутаты:

 

- Негизи, чет өлкөлүктөр маданияттуулукту сактап, бири-биринин айлык акысын, бир айда канча каражат таба тургандыгын сурашпайт. А бизде түшүнүк бир аз башкача. Ошого карабай Кыргызстанда чек арадан баштап бардыгы айдан ачык. Депутаттардын айлык акыларынын суммасы деле ачык айтылса эч нерсе болбойт. Мисалы, менин айлыгым 35 миң сом. 

 

Бегалы Наргозуев, экс-депутат:

 

- Менин оюмча, ЖКнын депутаттарынын, президенттин, премьер-министрдин жана бардык министрлердин айлыгы ай сайын интернетке жарыяланып туруш керек. Аппараттын бөлүм башчыларынын да айлыгы ачык болушу зарыл. Анткени бийлик өкүлдөрү - элге жалданып иштеп жаткан менеджерлер элдин эсебинен айлык алышат. Эл билиши керек, алар аткарган ишине ылайык маяна алып жатабы же жокпу деп. Анын үстүнө биз “ачык коом курабыз” деп канча жылдан бери төш кагып келе жатабыз. Бирок өлкөбүз коррупция боюнча дүйнөдөгү эң алдынкы өлкөлөрдүн катарына кошулду. Туура, көпчүлүк аткаминерлер уурдайт, бирок жок дегенде ошол мыйзамдуу алган айлыгын ачык көрсөтүп коюудан эмнеге коркушат? Жогорку Кеңеш бийлик бутактарынын ичинде эң ачык орган. Азыр түшүнбөй жатам, эмне эле жок жерден ызы-чуу жаратып, айлыкты жаап-жашырып жатышат?

 

Улукбек Кочкоров, ЖКнын депутаты:

 

- “Депутаттардын маянасын жашыруу керек” деп эмне эле маселе жаратып жатышат, түшүнбөйм. Айлыгыбызды жашыруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Маселен, мен 25 500 сом айлык алам. Ал тургай азыр бардык эле депутаттан айлык акысынын өлчөмүн сураса айтып беришсе керек. Аны жашырганда эмне? 

 

Марс Сариев, серепчи:

 

- Кыргызстан демократиялык-парламенттик өлкө болгон соң сөзсүз түрдө депутаттардын маянасы коомчулукка белгилүү болушу керек. Алардын айлыгы көмүскөдө  болсун деп Жогорку Сот туура эмес чечим чыгарды. Мындан сырткары депутаттардын аброюна доо кетти. Менимче, эл өкүлдөрү айлык акысын элге жарыялап гана койбостон, айлыгына кандай кошумча акчалар кошулду, эмне себептен кошулганынан бери ачыктап бериши керек.

 

Данияр Тербишалиев, ЖКнын депутаты:

 

- Албетте, депутаттардын айлыгы коомчулукка ачык болушу керек. Себеби Конституцияда “бардык мекемелер ачык болуш керек” деп жазылган. Эгер биз демократиялык-укуктук мамлекет болобуз десек, анда депутаттардын маяналарын гезиттерге, сайттарга жарыялаш керек. Жогорку Сот “депутаттардын маянасы жашыруун болуш керек” деп бийликти колдоп жатат. Бизди колдобой эле койсун, карапайым калкты колдосун. Мен атайын токтом даярдагам, жакында Жогорку Кеңеште каралат. Анда жалгыз эле депутаттардын эмес, бардык мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин, соттордун айлыгы ачык болуш керек деген сунуш бар. Ал эми менин айлык акым 31 680 сомду түзөт. 

 

Сүрөттө:

1. Бакыт Бакетаев

2. Марс Сариев

3. Бегалы Наргозуев

4. Данияр Тербишалиев

5. Улукбек Кочкоров

6. Турсунбай Бакир уулу

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан