Өкмөт Ысык-Көл биргелешкен ооруканасынын "Ак-Суу" реабилитациялык бөлүмүнө автоунаа берди

15-февралда вице-премьер-министр Камила Талиева Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмүнүн капиталдык оңдоодон кийинки салтанаттуу ачылышына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, аталган мекемеде оор нерв оорулары менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүлөт. Бөлүмдү оңдоого Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан 2011-2012-жылдары 41 миллион сом бөлүнгөн. Мындан сырткары кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, 2 миллион 300 миң сом чогултулган. Жалпы 5 миллион 600 миң сомго медициналык жабдыктар алынды. Камила Талиева мамлекет башчысы койгон тапшырма өз мөөнөтүндө толугу менен аткарылганын белгилеп, өкмөттүн атынан медициналык автоунаа тапшырды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан