Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Японияга болгон расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Сенатынын төрагасы Масакудзу Сэкигути менен жолугушту.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык мамилелерине быйыл 34 жыл толгонун белгилеп, парламенттер аралык диалогду, депутаттык достук топторунун сапарларын жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнүн маанисине токтолду.
Ошондой эле ал Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор үчүн ыраазычылык билдирип, 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине жапон тарапты жогорку деңгээлде катышууга чакырды.
Өз кезегинде Масакудзу Сэкигути парламенттер аралык дипломатия эки өлкөнүн алакаларын бекемдөөдө маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.