Депутаттар чет өлкөдөн келген буйволдун эти Кыргызстанда "уйдун эти" деп сатылып жатканын айтышты

“Биз былтыр Кыргызстанга буйволдун этин киргизүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алганбыз. Башка өлкөлөр тыюу салса, бизде эмне үчүн буйволдун этин өлкөгө алып келүүгө уруксат берилиши керек? Демек, башка өлкөлөр чет мамлекеттен келген эттин сапатынан шек санашат. Интернеттен карасаңар, бул малдын этинин кемчиликтери айтылган. Биз болсо аны уйдун эти деп сатып, дагы эле элди алдап жүрөбүз”. Бул сөздү бүгүн, 18-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди. Ал эми жыйынга катышкан Санитардык, ветеринардык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиев: “Өткөн жылы Кыргызстанга Кытайдан 5 миң 544 тонна чочко эти, 1 миң 596 тонна уй эти киргизилсе, алардын 593 тоннасы Кытайдан, 1 миң 3 тоннасы Индиядан келген” деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан