А.Медетбеков: "Бакиевдер жок кылынса, «Альфа» кызматкерлерине кылмыш иши козголбойт" деп К.Дүйшөбаев убада берген"

«Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев: "Бакиевдер жок кылынса, «Альфа» кызматкерлерине карата кылмыш иши козголбойт" деп убада берген". Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда 7-апрель окуялары боюнча өтүп жаткан сот отурумунда УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди. Медетбеков 2010-жылдын 10-апрелинде учурда айыпталып жаткан «Альфа» атайын кызматынын өкүлдөрү менен Бакиевдердин кичи мекени болгон Тейит айылына барган. "Биз Роза Отунбаеванын буйругу менен экс-президентке жол ачып бергенден кийин ал үй-бүлөсү менен Алматыга учуп чыгып, Жаныш Бакиев 100 адам менен айылында калган. Биз барып, аларды колго түшүрө алган жокпуз, себеби анда ок атылып, адамдар каза болмок. Анан бизди адам өлтүрдүңөр деп айыпташмак" ,- деди Медетбеков.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан