“3-февралда ИИМдин ички аскерлер бөлүгүнөн качып кеткен 39 жоокерге кылмыш иши козголбойт”. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында аскердик прокурордун орун басары Максатбек Молдалиев билдирди. Анын айтымында, качып кеткен аскерлер өздөрү кайра кайтып келишкен. ИИМдин ички аскерлеринин командири Советбек Арбаев “аскерлер кайра келип, жакшы эмес иш жасагандарын моюнга алышты. Бизге жана жеке мага бул көрүнүш абдан уят” деди.