Кечээ, 24-апрелде Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата “Жеңиш баарыбыз үчүн!” деген аталышта концерт уюштурулду. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, ага согуш ардагерлери, согуш жылдарындагы ооруктагы эмгекчилер жана башкалар ардактуу конок катары чакырылышкан.
Анда тынчтыкты даңктап, согушту жектеген ырлар аткарылды.