Бишкекте шаарды көрктөндүрүү иштери уланууда. Өткөн аптанын соңку күндөрүндө 50 уюм жана мекемелердин 2 миңден ашык мүчөлөрү катышкан ишембилик уюштурулду.
Мэриядан кабарлашкандай, ишембилик шаардын 4 районунда тең жүрүп, атайын 6 техника тартылды. Катышуучулар сейил бактарды таштандылардан арылтып, анан 3750 түп көчөт отургузушту.