Бишкекте педофилдерге каршы митинг куурчактарды таш бараңга алуу менен өттү

Бүгүн, 28-апрелде Бишкектин Максим Горький атындагы сейил багында педофилдерге каршы тынч митинг өттү. Ага жүзгө чукул адам катышып, милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышты. Иш-чара бир катар уюмдардын демилгеси менен уюштурулду. Алардын башкы талабы - педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү. Эгер андай болбосо, анда “Педофилдерди карма да, 100 миң сом сыйлык ал” деген аталыштагы акциясын жүргүзөрүн билдиришти митингчилер. Митингдин катышуучусу Жеңиш Молдокматовдун айтымында, мындай тажрыйба Орусиянын Екатеринбург шаарында жүргүзүлгөн жана анын натыйжасында балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулук учурлары бир топ кыскарган.

"Екатеринбург шаарында коомдук активисттер демөөрчүлөрдү тартып фонд ачышып, 3 миллион рубль өлчөмүндөгү суммага педофилдерди кармашкан. Анын жыйынтыгында 2008-жылы 32 балага карата зордуктоолор катталса, 2009-жылы 19 учур болгон. Эгер парламент балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата өлүм жазасын киргизбесе, биз ушундай кадамга бармакчыбыз",- деди уюштуруучулардын бири. 

Акция педофилдердин элесин чагылдырган куурчакты таш бараңга алуу менен аяктады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
chynar_09
2015-04-28 12:27:54
Жакшы болмок киргизилсе канчалаган наристелердин тагдыры талкаланып жатат!
+3
Deesmond
2015-04-28 12:36:57
Өлүм жазасын киргизүү керек!!!
+3
kama_future_millioner
2015-04-28 12:39:46
Туура кылат алар га өлүм жазасы да азыдык кылат
+2
mersedes2013
2015-04-28 12:51:52
Туура кылышат педофилдерди атуу керек ушул мыйзам кабыл алынышы керек.Мен Бишкекте болгонумда мен да чыкмакмын ушул ураанга. ЖОГОРКУ Кенеш ушул маселени караш керек кайдагы болбогон кереги жок нерселерди талкуулашпай.Педофилдерге бул жашоодо орун жок!
+4
rkurstan
2015-04-28 14:30:57
Менимче педофилдерге Олум жазасын эмес башка жаза колдонуу керек,мисалы аларды олум жазасына тартса олуп кетеберет кыйналбай,аларды чала олук кылып бир топ кыйнап,бычып,бир кол бир бутун кесип алып салыш керек,..
+1
aslan_akjol89
2015-04-28 14:37:10
rkurstan, Андай болбойт,кыйнабай эле олтуруп коюш керек.Ото эле ашыкча кыйноо адам укугун чегинен ашыра тебелегендик болуп калат.Сен айтып аткандай кылып кыйнаган адам да акыретте жооп беруусу керек.
+2
shamilaisan
2015-04-28 14:35:21
Alardy jazalash kerek bolgondoda end katuu jaza m.n
0
modem4999
2015-04-28 15:01:57
Бычып эле коюш керек ,анан журо берсин ат болуп.
0
gutler
2015-04-28 15:33:32
Эн жакшы наказание, педофилдерди кастрировать этуу.
+1
Topchubai
2015-04-28 18:00:43
Аларды олтурбой бычып салса,анда мындан да жаман болот.Анткени,зордуктаганга алдары келбеген алар адам омуруно кол сала баштайт.Натыйжада жаш балдардын олуму кобоет.Ошондуктан аларды бычып сычып олтурбай эле туура олум жазасына буйруу керек.Аларга окшогон жексурларга бир гана олум жазасы жарашат.Болгондо да эки метрлик аркан менен асып салыш керек.Ок дагы жалко аларга
0
Asus77
2015-04-28 18:57:06
Куурчактын оордуна откондо колго тушкон ангилерди ортого коюп таш баранга алыш керек эле. Аркы дуйного да куноосунон азмаз тазаланып кетмек.
0
edil.kg
2015-04-28 22:28:32
элди топтоп элдин алдында таштар менен уруп олтуруш к.к
0
sale-81
2015-04-29 09:07:18
Ушундай закондор киргизилсе абдан жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан