Социалдык өнүгүү башкармалыгы быйылкы жылдын биринчи кварталында кароосуз калган 925 баланы аныктап чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, бул балдардын 70 пайызы же 402си башка үй-бүлөлөргө багып алууга берилген. 176 наристе интернат мекемелерине жөнөтүлдү. Дагы 112 баланын тагдыры учурда чечилүү стадиясында. Ошондой эле чет жерде кароосуз калган 4 баланы кыргыз жергесине алып келүү боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.
Белгилеп кетсек, 1-апрелге карата бала багып алам дегендердин саны 207ни түзгөн.
Мындан тышкары 2609 үй-бүлө жашоо кыйынчылыгына учурагандыгы аныкталган. Ар бири менен иштешүү боюнча пландар коюлуп, алардын 24 пайызы аткарылды.