Кыргыз жергесинен Казакстанга күйүүчү май өткөрүлүп жаткан түтүк табылды

Кечээ, 27-апрелде Чүй облусундагы “Токмок” тозотунда чек арачылар тарабынан күйүүчү май өткөрүүчү ийкем түтүк табылды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул түтүк аркылуу Кыргыз Республикасынан Казакстанга күйүүчү май өткөрүлүп келген. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, түтүктүн жалпы узундугу 800 метр, ал эми туурасы 50 миллиметрди түзөт. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Достук калктуу конушунун жанынан табылган түтүк кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөн Чүй суусунун түбү менен өткөрүлгөн. Учурда бул окуя тиешелүү органдарга кабарланып, иликтөө иштери башталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
rkurstan
2015-04-28 18:00:27
Ошончо казып чукуп орноткон тутукту байкабай жургон чек-арачыларыбыз аман болсун!
+1
skorpion-08787
2015-04-29 08:00:50
Ак уйду сатышат жакында и анан оздору паркта сессия отушот. Иттен соок карыз болушту. Сатпаган денелеринде тук калды!
+1
primus
2015-04-28 18:29:26
Эмне Кыргызстанда куйучу май арзанбы?казактарда арзан деп укканмын
0
Aruukeramazan
2015-04-28 21:34:59
Муну мурда эле билишчу. Убагы келип куйругун кысчу маалы келсе керек. Эртен бул депутатка же министрге тиешелуу болуп чыгат.
+3
beka88
2015-04-29 00:48:11
Aruukeramazan, эн туура айтасын,кошулам ушул созуно, сага 5 балл!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан