Айыпталуучу Олег Ребенок "7-апрелде мен эч кимге жардыргыч зат берген эмесмин" деди
7-апрель окуясы боюнча Бишкекте өтүп жаткан сот отурумунда айыпталуучу Олег Ребенок жактоочулардын анын кайсы бир адамга жардыргыч зат бергендиги тууралуу суроосуна мындайча жооп берди. "Мен 7-апрелде
Бердикожоевге эч кандай жардыргыч зат берген эмесмин. Аталган адамды
тааныбайм дагы, бул айтканымды далилдей турган фактылар бар. Биз Ак үйгө саат 17:00дө келгенбиз. Ал эми сот ишинин материалында окко учкандар саат 17:00гө чейин болгону жазылып турат. 7-апрелде менин колумда МС-13 үлгүсүндөгү ийинге таяп атуучу курал жана Калашников автоматы бар болчу",- деди "Альфа" атайын даярдыктагы аскердик бөлүктүн мурдагы кызматкери Ребенок.