Муфтият: Ажыга баруучуларды каттоо башталды

Ош жана Баткен облустарында ажылык сапарына баруучулардын тизмесин каттоо иштери башталды. Бул тууралуу 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Каттоо иши 25-апрелде башталып, 1-июнда аяктайт.

Ажылыкка баруучуларга коюлган негизги талаптар төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1. Ажылыкка мурун барбаган жаран кабыл алынат;

2. Аял киши үчүн махрамдын (күйөөсү же баласы, жакын бир тууганы болгон эркек адам) болуусу;

3. Ден соолугу тууралуу медициналык маалымат;

4. Чет элдик акыркы үлгүдөгү паспорту;

5. ID-карта, катталуусу (учёту) бир жылдан кем эмес болушу шарт (эски паспорттун мөөнөтү бүтүп алмаштыргандан башкасы);

6. Жаш курагы 18 жаштан жаш эмес болуусу;

7. Ажыга баруучу жаран алименттик төлөмдөрдөн кутулган болууга тийиш.

Мындан сырткары 2014-жылдагы ажылыкка катталып, чүчү кулактан өтпөй калган 70 жаштан жогору жарандар 2015-жылдагы ажылыкка чүчү кулаксыз, автоматтык түрдө жиберилет. Ал эми 2014-жылы ажылыкка катталып, бирок өтпөй калган 70 жаштан төмөн курактагы жарандардын фамилиясы чүчү кулак тартууга (электрондук компьютерге) 2 жолу жазылууга мүмкүнчүлүк берилет. Жогоруда айтылгандай, чүчү кулакка жазылуу мүмкүнчүлүгүнөн 4 жыл бою өтпөй калган жаран 5-жылы автоматтык түрдө ажылыкка жиберилет.

Эскерте кетсек, 2015-жылы да ажылыкка катталган жарандарды тандап алуу электрондук чүчү кулак тартибинде өткөрүлүп, ажыга баруучу бир адам үчүн түзүлгөн калькуляциянын баасы 2550 (эки миң беш жүз элүү) доллар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirana9395
2015-04-29 13:27:00
Кудайым бизге да ажы сапарына баруу насип этсин,ата энелерибизди алып баруу насип эте корсун ылайым.
+2
karona
2015-04-30 16:27:17
"Чучу кулак" дебей эле койсонорчу, бул созду эч ким деле колдонбойт жана тушунбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан