КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинде ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Эми карапайым калк ишемби жана жекшемби күндөрдөн сырткары саат 9:00дөн 14:00гө чейин (0312) 66-01-07 телефон номери аркылуу өздөрүнүн сунушун, сын-пикирин жана арызын министрликтин дарегине түз жеткире алышат. Ошондой эле Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов аптанын шейшемби күндөрү саат 10:00дөн 12:00гө чейин жарандарды кабыл алып турмакчы. Ал эми министрдин орун басары жана статс-катчысы иш күндөрү саат 10:00дөн 17:00гө чейин кабыл алышат.