“КТРКнын жаш журналисттери 2 ирет экранга чыгып өздөрүн жылдыз сезишет, сын-пикирди кабыл алышпайт”. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Тамара Джаманбаева билдирди. Анын айтымында, КТРКдагы жаш журналисттерге абдан чоң көңүл буруу керек. Мындан сырткары Байкоочу кеңештин бул жаңы курамы 10 айдын ичинде Кыргызстандын бардык аймагында эл менен жолугушуп чыкканын билдирген Джаманбаева “эл бизге КТРКда таанып-билүү программасы жок, бүт саясат. Музыкалык көрсөтүүлөр көп болсо деген ойлорун айтышты” деди. Ал ошондой эле "Ала-Тоо" маалымат программасы эфирден бир күнү 21:30да, башка күнү 21:35те берилгени туура эмес экенин айтты.