Бишкекте Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик жүрүш нөшөрлөгөн жамгырдын астында өттү (фото)

Бүгүн, 9-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик жүрүш аяктады. Бул жүрүшкө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик түзүмдөрүнүн жана "Кант" орусиялык авиабазасынын 1500гө жакын аскер кызматкерлери катышты. Мындан тышкары иш-чарага келгендер аскердик техниканы, танктарды, учактарды жана тик учактарды көрүштү. Жалпысынан жүрүштү көрүүгө 10 миңге жакын адам келди.
Иш-чарада КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев окуп берди. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев да ардагерлерге куттуктоо сөздөрүн айтышты. Аскердик жүрүш нөшөрлөгөн жамгырдын астында өттү.
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке 70 жыл
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
don_quixote
2015-05-09 12:17:40
Машинадагы ардагерлерди коруп, ичим ачышып кетти. Жылдан жылга саны суюулуп баратат. Бар болгула аталар!
+8
Мэри
2015-05-09 12:21:38
Майрамыбыз кут болсун! Мекени жок жүргөн канча эл бар дүйнөдө, мекенибизди коргоп, гүлдөтүп-өнүктүрүп алуу өзүбүздөн. Жергебизди Жаратканыбыз жаман көздөн, жаман сөздөн сактасын, бейпилдикте, тынчтыкта, ынтымакта өмүр сүрөлү!
+11
Beka90
2015-05-09 12:36:31
Жамгыр тогуп баарыбыз суу болдук. Бирок аябай жакшы оту
+5
Gulshan_kf
2015-05-09 13:06:00
Jakshy boluptur, jamgyr ayabai toktugo)
0
kama_future_millioner
2015-05-09 13:17:24
Майрамыңыздар мн
0
aidai88
2015-05-09 14:32:01
Тушунбодум,ардагерлердин баары москвага келди деп жататго,тиги медал тагынып отургандар кимдер? Же алар жакындарынан калгандарды тагып алгандарбы?
-5
uulay
2015-05-09 14:39:53
aidai88, Москвага 13 ардагер барды,калганы Бишкекте,Кыргызстанда да
0
toshiba
2015-05-09 14:46:57
Майрамынар менен кыргыз элим.
+1
mister.kantemir
2015-05-09 14:49:10
Ол жамгыр эмес каза болгон ветерандар ыйлотышат ай жепжутаттар Кыргызстанды эмне кылдынар деп?...
+6
jazgul80
2015-05-10 01:30:49
mister.kantemir, туура айтасын мен да ошону айтайын дегем . Жамгыр жааганы Алла Таллаанын жепжутарларга болгон нааразылыгы . Элди кыйнап бутуштуго
0
KGstan81
2015-05-09 16:04:14
Жениш кунуно арналган аскердик парад жаанга карабай жакшы отуптур.Бирок Оруссия берген аскердик техникалар корунбойтко бут эле советтик доордогу аскер техникалар.
0
adidas
2015-05-09 16:19:05
И кудай неге Кыргызстана жаан жайт? Массквада аба ырайы ото жакшы кун ачык
0
Nadir27
2015-05-09 16:29:18
Жаан жаап жаман болуптургоо
0
aslan_akjol89
2015-05-09 20:57:35
23-суротто Африкадан келген маймыл да тушуп калыптыр.Ушинтип бузат да анан кайфты,берилип алып коруп жатканда.Заманыбыз тынч болсун,тынчтык болсун,жениш алып келген улуу муунга туболук таазим!!!
0
Мэри
2015-05-10 01:12:16
Ардагерлерибизге, бизге ушул күндү тартуулаган аталарыбызга, апаларыбызга кандай сый көрсөтсөк да аздык кылат. Бирок, менин байкашымча, ар бир жергиликтүү башкаруу, райондук, облустук жетекчилик, өкмөт, президент, жеке ишканалар, билим берүү тармагы, ж.б. жакшы сый көрсөтүп, акчалай да жардам берип келишти. Бул боюнча сайтта улам-улам жазылып жатпадыбы.
+1
Мэри
2015-05-10 01:23:07
"Палаткада сыйлабай ресторанга алып барышпайбы" деп жазылыптыр өйдөдө...
Бул символикалуу көрүнүш да, атайын ардагерлерге ошол жылдарды эске салуу, көз алдыга келтирүү, ошол мезгилди чагылдыруу максатында уюштурулат. Анткени ошол жылдарда алардын жаштыгы калган, ошондой шартта алар согушуп, жеңиш алып келишкен ж.б. Чатыр, ботко, кара нан, анан "100 грамм" болуш керек эле, бул жылда кайталанат, б.а. салт болуп, Жеңиш күнүн белгилөөнүн бир бөлүгү болуп калган. Андыктан бул нормалдуу эле көрүнүш..
+1
kadamjai90
2015-05-10 01:34:51
Jakshy alga kyrgyz alga
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан