Бүгүн, 9-майда Нарын облусунун Кочкор районунда согуш ардагерлеринин катышуусунда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чарада алгач согушта курман болгондордун эстелигине гүл коюлуп, андан кийин асманга 3 ирет ок атылып, эскерүү мүнөтү жарыяланды. Аскердик параддан соң райондун администрация башчысы ардагерлерди жылуу куттуктап, алардын эрдигине токтолду. Ал эми Улуу Жеңиш күнүн белгилөөнүн жыйынтыгында ардагерлерге атайын майрамдык концерттик программа тартууланып, белектер берилди. Учурда район боюнча 9 согуш ардагери калганы айтылды.