Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү боюнча Жогорку Кеңеш кайрылуу даярдады
Минск конвенциясына кошулган өлкөлөргө Курманбек Бакиев менен Жаныш Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча Жогорку Кеңештин атынан кайрылуу даярдалды. Бул маалыматты парламенттин бүгүнкү, 20-февралдагы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди. Депутат билдиргендей, бир тууган Бакиевдерди берүү боюнча кыргыз тараптын сунушуна Беларусь өлкөсү "бул саясий куугунтук" деп баш тартып жатат. "Бирок бул саясий куугунтук эмес, анткени алардын кылмышкер экени далилденди. Жакында Аскердик сот тарабынан алар эркинен ажыратылышты" деди Иманалиев.