Бишкекте 22-февралда “Селсаяк” аттуу кайрымдуулук акциясы болот. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи Май райондук администрациясы уюштуруп жаткан акциянын максаты - селсаяктарга социалдык колдоо көрсөтүү, алардын арасындагы укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат. Иш-чаранын алкагында селсаяктар жана кароосуз калган балдар үчүн акысыз мончо уюштурулуп, керектүү кийим-кече берилет жана ВИЧ, кургак учук жана башка жугуштуу ооруларга байланыштуу текшерүү жүргүзүлөт. Ошондой эле акысыз ысык тамак берилет.