20-февралда президент Алмазбек Атамбаев «КРнын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КРнын мыйзамына кол койду.
Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 19-январында кабыл алган.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды жана патенттик негиздеги салыктарды администрациялоо кызматын берүү болуп саналат.