"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" ырынын автору Түмөнбай Колдошов жеке концертинде белекке үч аргымак алды

Бүгүн, 28-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жаш ырчы, обончу Түмөнбай Колдошовдун жеке концерти болуп өттү. Колдошов күйөрмандарына өзүнүн жана Рыспай Абдыкадыровдун ырларын жандуу үн менен ырдап берди. Ошондой эле "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" аттуу ырын жана элге белгилүү болуп калган бир нече чыгармасын аккордеон менен коштоп аткарды. Кечеде башка белгилүү ырчылар да конокторго ыр тартуулашты. 

Филармониянын концерттик залы көрүүчүлөргө толуп, бош орундар жок болду. Кечеге келген Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Акназарова жана Исхак Пирматов ырчыга өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн арнашты. Акназарова Т.Колдошов менен бүт кыргыз эли сыймыктанарын белгилеп, ырчыны Жогорку Кеңештин Ардак баракчасы менен сыйлады. Пирматов ага бир жылкысын белекке берди.  

Пирматов кечээ ээси башка ырчыларга караганда ырдын текстине көбүрөөк маани берерин айтты. "Таланттуу инсан бардык жагынан таланттуу болот. Түмөнбай инибиз музыканы илимий иштери менен ийгиликтүү айкалыштырып иштейт. Ал Ош мамлекеттик университетинин мыкты жаштарынын бири. Жалгыз Ала-Бука үчүн эмес, жалпы кыргыз эли үчүн хит ырларын жаратып жүрөт. Колдоо иретинде инибизге аргымак тартууламакчымын",- деди Пирматов.
Концерттин жүрүшүндө куттуктоо сөздөрү менен чыккан күйөрмандар Т.Колдошовдун чыгармачылыгы мындан да өсүшүн каалап, белектерди тапшырышты. Жалпысынан кече ээсине үч аргымак тартууланды.
Түмөнбай Колдошов тушоо кесүү концертин жалпы апаларга арнады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ilyaz14
2015-05-29 00:44:43
Той болуп кетиптирго,куттуктайбыз
+3
jetinur90
2015-05-29 00:59:16
Азаматсын, Алабуканын кулуну. Сени менен бутундой Алабука сыймыктанабыз!
-9
Dadasdasd
2015-05-29 01:07:31
jetinur90, Кыргыз эли эле деп койчу байболгур.
+22
windom
2015-05-29 07:32:08
jetinur90, жакшы адам болсо ушинтип болунобуз, эгер жаман чыкса Кыргыздар ушундай да деп эч эле жаныбызга жакын жолотпой калабыз.
+11
mers8
2015-05-29 05:55:25
Оо жакшы ийгилик брат хит ырлар биз жактан жаралат туурбайбы дагыда жарата берин
+3
nelya88
2015-05-29 07:41:38
Жандуу ырдап концерт бергендер кубандырат..Бирок сахнанын жасалгаланышы да чон мааниге ээ. Коруучулор да бир аз озгочолукторду кутушот го,менимче...
0
Aitolkun91
2015-05-29 09:59:26
Чыгармачылык ийгилик алга.
+1
bikusim
2015-05-29 10:36:43
Сахнаны жалтыр жултур кылып алып эптеп эле фонограмма менен ырдагандарды коруп жатпайлыбы. Аларга караганда бул ырчыбыз мыкты. Азаматсыз ийгилик сизге.
+3
deva
2015-05-29 17:16:58
Обондору жакшы чынында! Фатима эжени эл алдына алып чыгып койгонуна абдан ыраазы болдум. Негизи эже кандай сонун ырларды жазат, "Кат жазчы мага" дегени эле канча турат. Акынды да эл таанышы керек
+1
sezimay
2015-05-29 17:41:41
бул ырчыны 40 жашка жакын деп ойлопмун жаш эле экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан