Мас абалында унаа айдап жүрүп кармалган айдоочулардын айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгаруу демилгеленүүдө

Кыргызстанда мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган айдоочулардын айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгаруу демилгеленүүдө. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Курманбек Дыйканбаев 21-февралда "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди. Депутат Кыргызстанда унаа каражаттарын милдеттүү камсыздандырууну киргизүү боюнча мыйзам долбооруна өз пикирин билдирди. Айтымында учурда өлкө үчүн 880 миң унаа көптүк кылат. "Азыр көп айдоочулар мас абалында унааларды айдап жүрүшөт. Мунун кесепетин авто кырсыктан каза болгондордун саны өстү. Буга бөгөт катары мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, эгерде айдоочу мас абалында унааны айдап жүрүп кармалса, анын айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгарууну сунуштап жатабыз. Мындан башка да бир катар айып пулдарды көбөйтүп жатабыз"- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан