22-февралда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында түзүлгөн жумушчу топ шаар, райондордогу мектептердин абалы менен таанышып чыгышты. Жумушчу топ Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы №9-орто мектептеги окуу-тарбиялык иштерине катышып, окуучулардын билим деңгээлин текшеришти. Соңунда жалпы мугалимдердин жыйыны болуп, жумушчу топтун ар бир мүчөсү өз тарабынан кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралуу сөздөр айтылды.