Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы аптасына 4 жолу учуп баштайт

Быйыл Жалал-Абад, Баткен жана Исфана шаарларындагы аэропортторду оңдоого мамлекеттен 286 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине сарпталчу каражатты “Манас” аэропорту төлөп бермекчи. Жалал-Абад шаарына 81 миллион, Баткенге 124 миллион, Исфанага 81 миллион сом бөлүнөт. Министрлик билдиргендей, учурда жаш балдар жана студенттерге каникул учурундагы билет баасын арзандатуу демилгеленүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад-Бишкек аба каттамы буга чейин бир аптада 3 жолу жүргүнчүлөрдү тейлеп келсе, март айынан баштап аптасына төрт жолу учуп баштайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан