4-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы күндүз +41°C болору күтүлүүдө

Өлкө аймагында абанын температурасы 2-4-июль күндөрү түнкүсүн +20-25°C, күндүз +41°C болору күтүлүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин метеопрогноз бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова билдирди.

Анын айтымында, 2-июлдан 4-июлга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында аба ырайынын температурасы +36° +41°C, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +29°C +34°C болору күтүлүүдө.

Аба ырайынын мындай ысык маалында, өзгөчө саат 12:00дөн 17:00гө чейин көчөгө чыкпоого аракет жасоо кажет. Суудан көбүрөөк ичип, организмдеги нымдуулук балансын сактоо зарыл. Ошондой эле дыйкандарга сугат иштеринде талааларга нымдуулукту көбүрөөк жиберүү керек экендигин белгилейбиз”,- деди адис.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
dastan_nookat
2015-06-30 17:13:04
Кудай сактасын азыр орозо мал го
+2
Aman97kg
2015-06-30 17:15:56
orozo maalynda kyinalat ekenbizda
0
MIRlan
2015-06-30 17:17:07
Нарынга кетиш керек экен.
+6
black.prose
2015-06-30 17:25:47
Минкушума кетиш керек го
0
Asus77
2015-06-30 17:57:31
Аллах Таала адамга чыдагыс кыйынчылык бербейт. Аллахым сабыр берсе бул ыссыктан да кыйналбай отобуз буйурса. Аллахым орозолорго да козолорго да дегеле баарыбызга сабр берсин!
+6
make2
2015-06-30 20:09:56
Бүгун 41 эмес 43 болдуго градусникти карасаңар
+1
Aviator
2015-07-02 10:50:24
make2, туура айтасын. ошондой эле болуп атат.
+1
E.TARZAN
2015-07-02 09:16:47
Адам айткандай болбойт АЛЛАХ айткандай болот да.
0
Medina87
2015-07-02 09:26:08
Жараткан баарыбызга жар болсун! Жаратылыш мыйзамына озгортуу киргизе албайбыз албетте.
0
Bek94
2015-07-02 10:45:29
Кудай сактасын....
0
Edik_86
2015-07-02 10:47:01
oxoo
0
bema_bema
2015-07-02 12:12:10
Кыргыз элиме тынчылык бер,кудай озу сактасын.Пакистанда 45% болуп адамдар кочодо эле томолонуп калыптыр,алжакта суу,колоко деген нерсе жок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан