60 жыл мурун Баткендеги мумияларды казып чыгарган археологдор ар кандай кырсыктардан улам каза болушкан. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда маалымат жыйынынын жүрүшүндө коомдук ишмер, публицист Мелис Арып-Бек билдирди. Анын айтымында, археологдордун көбү жол кырсыгынан каза болушкан.
“Археологдор Баткен облусунун Кара-Булак айылында 1955-жылы эки мумияны алып чыкканда аркы дүйнө менен биздин дүйнөнүн ортосунда жол ачышкан. Ошол порталды биз жабышыбыз керек. Болбосо ал жерден адамга тиешелүү болгон ач көздүк сыяктуу жаман сапаттар адамдарга тарап жатат.
60 жыл өттү, окумуштуулар дагы деле мумияны изилдей элек, анткени ал өзүнө эч кимди тийгизбейт. Ага тийгендер өзүнүн өлүмү менен эмес, ар кандай башка себептерден улам көз жумушкан.
Биз мумияны жерге бергенден кийин мамлекетибиздин аймагында “Алтын ордо” эрасы орун алат. Элибиз тынчтыкта жана бейпилдикте өмүр сүрө баштайт”,- деди Арып-Бек.