"Дарыгерлер "адам болбойт" дешип, жаңыдан жарык дүйнөгө келчү уулумдан ажыратышты" дейт Бишкектин тургуну

Ушул тапта №2-төрөт үйүнүн дарыгерлери маалына жетпей төрөлгөн баланы карабай, ымыркай каза болгону тууралуу маалыматты интернет колдонуучулары талкуулашууда. Бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына берген маегинде каза болгон ымыркайдын атасы Эрмек Нургазиев окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Орозо айында дарыгердин компенсация төлөп беришин талап кылган жерим жок, алардын деле балдары бар. Мындай окуялар кайталанбасын, сабак болсун деп коомчулукка айтып жатам",- деген Эрмек Нургазиев 6 баласы бар экенин айтат.
 "5 кыз, 1 уулум төрөлгөндө ушундай окуялар болгон эмес эле. Эгиз кыздарымдын бирине дарыгерлер өз убагында жардам көрсөтүп, аман алып калышкан. Бул жолу да жардам берет деп ойлогом.
Келинчегим 25-июнда "кан келип жатат, сактап калуу үчүн ооруканага жатайын" дегенде, "мени күтпөй №2-төрөтканага бара бер, мен артыңдан барам" дедим. Келгенде аны операцияга алып киришкенин угуп, бир саат күттүм. Кабар жоктугунан бир нерсе болгонун сезип, 2-кабатка көтөрүлсөм, дарыгерлер "сабыр кылыңыз, баланы сактап кала албадык" дешти. Аялым наркоздон кийин эле "Балам кандай?" дей бергенде "дарыгерлер карап жатышат" деп эптеп алаксыттым.
Баламды көрүп, коштошуп алайын десем, жандандыруу бөлүмүнө алып барышты. Ал жердеги аппаратта бир наристе жатыптыр. Башка столдун үстүндө бир чүпүрөк жабылып, эч кандай жардам албаган абалда менин балам жаткан. Барып өпсөм балабыз кыймылдап кетти. Анын тирүү экенин айтканымда реаниматолог Арзыкан Жайнакова бала өлүү төрөлгөнүн айтып кирди. Андан кийин оозуна ылайык келе турган түтүкчөнү издеп жатканын айта баштады. Баламды кара деп 1000 сом бергенимде бат эле аппаратка туташтырып, түтүк тапты. Операциядан 1,5 саат өткөндөн кийин гана аппаратка туташтырышты. Андан кийин балабыз 2 саат жашады. 6 айлык болчу. 900 грамм салмак менен төрөлдү. Негизи, практикада 500 грамм болуп төрөлгөн балдарды да сактап калууга аракет кылышат экен.
Операция жасаганы үчүн акча бериш керек дешкенде 2000 сом бердим. Келинчегиме дары-дармектерди алып келиш керек болуп, баламды дарыгерлерге калтырдым. Алар бала көп болсо 1 саат жашайт дешкен, ал 4 саат жашады. 
Балабызды жерге бергенден кийин, өз учурунда жардам көрсөтпөгөн дарыгерлерге чара көрүү боюнча милицияга арыз жаздым. Дарыгерлердин шалаакылыгынан балабызды сактап кала албадык. Алар кечирим сурашты, бирок өздөрүнүн салкын мамилеси боюнча жөндүү жооп беришкен жок",- деди.

№2-төрөтканада иштеген реаниматолог Арзыкан Жайнакова менен телефон аркылуу байланыштык. Ал: "Ошол күнү мен нөөмөттө болчумун. Ал балага бардык жардам көрсөтүлдү. 5,5 айлык деген бул өтө эле аз",- деди. 
Окуя боюнча кененирээк маалыматты администрация менен макулдашкандан кийин берерин айтып, бирок биз аталган төрөтканага барганыбызда жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми төрөткананын кызматкерлери окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлгөнүн билдиришти.
Ата: "Дарыгерлер өлдү деп таштап койгон баламды өпсөм кыймылдап жиберди"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
bema_bema
2015-07-02 12:18:25
Эжемин баласы бала болгон 6 айга откон экен
+2
alina79
2015-07-02 16:33:22
Карабайсынбы муну качан гана 1000сом бергенден кийин анан баласына жасалма дем алдырууну туташтырганын.Оздору деле аракет кылып корушсо болмок да.Кайдыгерчилик деген бул. Гипократтын анты ургурлар!
+7
anobis85
2015-07-02 21:19:13
жакшы иш кылбаптыр
-1
AizaSumaya
2015-07-03 10:19:32
Мен да биринчи кызымды торогону барганда сен торой албайсын кесерова менен гана торойсун деген 7мин сом талап кылган болчу врачтар анан 6роддомго барганымда жон эле торотушкон азыр бир уул бир кызым бар негизи азыр акча берсен гана астына ак шейшепти салвп карашат болбосо жоок бирок алты айлыкты сактап калуу кыйын
+3
Akmosha
2015-07-03 11:59:18
AizaSumaya, туура айтасын.4- раддомго синдимди алып барсам карай албайбыз деп такыр баш тартышкан,срогу 6,5 болчу.Акча беребиз десек алып кирип кетишкен,эртеси торогон.Кудайга шугур Кызы 9 айга чейин вакумда чонойду азыр 4 класс.
+4
mosya
2015-07-03 10:25:36
бул врачтар..."гипократтын", антын берип жатканда эмнени ойлонушат билбейм....менинда карындашым атам да ушул дарыгерлердин шалаакылыгын айвнан коз жумушту...коз жумганы гооо Аллахтын буйругу денизчи..бирок азыркы врачтардын оз кесибине шалаакы мамиле жасаганы Айдан ачык..аларга акча эле кк! ооруканага барсан ден соолуктан мурун акча сурашат..мен врачтаога ишене бербейм
+4
Odik11
2015-07-03 10:28:39
Эх баладан айырбасын даа... Тиги жигит берки балдарына омур тилесин, баары Алланын амиринен.
+1
kulpun88_kg
2015-07-03 10:33:35
менин болом дагы 5,5айлык торогон россияда бирок орустар сактап калышкан азыр биринчи класска барып калды сактаса болот эле
+3
Ozgonduk-jigit
2015-07-03 10:45:44
Келинчегини орууканага ким алып келиптир? Эмне учун куйоосу "сен озун бара бер мен артындан барам" дейт? Озу кайда журду эле? Аялдын боюунда болгондо аны жалгыз таштабаш керек да...
-2
Liliia
2015-07-03 12:27:15
Ozgonduk-jigit, тобаа кылдым аке аялымын боюнда бар жалгыз таштабашым керек деп аялынын жанынан чыкпай калса уй булону ким багат. Ал байкуш аке да балдарыны багам деп иштеп журсо керек да. Жазат десе эле боюнда бар аялынын жалгыз таштап каякта журду деп кызыктай эле суроо берип коюпсуз. кечирип коюн каттуу кетсем
+3
Ozgonduk-jigit
2015-07-03 13:46:15
Liliia, ушу суромо да тобоо кыласбы? Менин жазганымды тура эмес тушунгонс, куйоосу аялынъ жалгыз таштабай жанына эже карында же туугандарын бирин убактынча жандап койуп куйоосу озунун иштерини кыла бербейби...
0
Akmosha
2015-07-03 12:01:20
О Аллахым!Аман эсен коз жарып алсам экен!!!Врачтарга ынсап берсин.
+4
Liliia
2015-07-03 12:36:42
бирок азыркы кээ бир врачтарга тушунбойм. жакында чон балам (2,5жашта) жотолуп тамагы кызарып калганынан поликлиникага алып барсам Ошто педиатрыбыз отпускада экен, ордуна башка врач иштеп атыптыр. Баламы карап коруп мен картасына башка дарыларды жазам сен озун билген дарыларды ичире бер, сен ичирген дарыларды жазсам бизди текшергенде урушат деп тан калтырбадыбы. айлам кеткенде анан 1жыл мурун ооруганда ичирген дарылары алып озум лечение кылдым
+1
karona
2015-07-03 13:54:27
Менимче тируу эле баланы баары бир бала болбойт деп карабай коюшкан, ага озгочо жардам корсотуудон эринген го!
+2
UsenovaAizada
2015-07-03 16:06:22
Менин да авысынымын баласын врачтар сактап кала алган жок. Кан кетип роддомго барса торотуп коюшту 7 айга бир жума эле жетпей калган болчу, баласын ваакумга салышты бирок 3 саат жашады, 1 кг 400 гр торогон эле.
0
ayjamal83
2015-07-03 18:35:03
Balany jashabayt dep ele, kuvezge salbay koygon, ayagyna cheyin kuroshush kerek ele,
+1
momuntay
2015-07-04 00:41:29
Адамдарга озун ынсап бере кор.
0
datumb
2015-07-04 01:16:26
Врачтар канча адамдын омурун сактап калат,эч ким мактабайт.экинчи роддомдо сактап калганда шарт жок, 4 роддомго барса болмок, себеби перинаталдык борбор,ушундай тяжёлый случайларга ылайыкталган.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан