Министр жаңы төрөлгөн ымыркайды "өлүү төрөлгөн" деп жардам бербей койгон №2-төрөткананын ишин көзөмөлгө алды

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жаңы төрөлгөн ымыркайды "өлүү төрөлгөн" деп жардам бербей койгон №2-төрөткананын ишин иликтеген комиссиянын иликтөөсүн жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Жаңы төрөлгөн бала болобу же пенсионерби, дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн аягына чейин күрөшүүсү зарыл",- деди министр.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан №2-төрөтканадагы орун алган окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына тажрыйбалуу акушер-гинекологдор жана кафедралык кызматкерлер кирген.

Эске салсак, №2-төрөт үйүнүн дарыгерлери маалына жетпей төрөлгөн баланы карабай, ымыркай каза болгонун баланын атасы Эрмек Нургазиев айткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
st1m_
2015-07-01 18:53:48
Министр иштеген миниср болсо мындай иш болбойт эле.Мындай иш ушул эле жолу болуп жаткан жок го, канчалаган уй було сыздап олтурат врачтардын жоопкерсиздигинен.Териштирмек турсун конул буруп койгон да жок министр. Кудай кун тушкурлук кылбасын врачтар кылган мамилеси менен соо кишини оору кылат.А бул иш илгертен эле башталган азыр кучогондон кучоп баратат. Министр болсо биринчи болгон иштей тур коргозот.Жетекчи болгон сон тем более медицинага чон жоопкерчилик, тартип орнотушу керек эле.Жок эчтеке.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан