Жалал-Абад. Арстанбап аймагында тоо коюнунда жайгашкан лагерде 100 бала эс алып жатат

Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагындагы тоо коюнунда жайгашкан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын "Келечек" балдар лагеринде учурда 100 бала эс алып жатат. Бул тууралуу 1-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жыл сайын жогорудагы лагерде өспүрүм балдарды 10 күндөн 2 агымда эс алдыруу уюштурулуп келет. Түрдүү социалдык абалдагы балдар, анын ичинде балдар үйүнүн, реабилитациялык борборлордо тарбияланган, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары, тарбиясы начар болуп каттоодо турган өспүрүмдөр, милициянын жана ардагерлердин уул-неберелери келип эс алып кетишет.

Башкармалыктын жетекчиси Жеңиш Жоробеков жана УКМКнын аталган облустагы өкүлү Канжар Бокаев лагерде эс алып жаткан балдардын абалын көрүп келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан