Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо
иштерине байланыштуу 2-июлда Чүйдүн айрым
аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын
басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Октябрь айылында (Шопоков, Киев, Жаштар, Крупская, Жаш Гвардия, Весёлая, Фрунзе, Шоссейная көчөлөрү) жарыкка чектөө киргизилет. Саат 10:30дан 15:30га чейин Сокулук айылында (Достук, Кайназарова, Почтовая, 1-Май, Чыгыш, Фрунзе, Тынчтык, Ленин, Калинин, Гагарин, Октябрь көчөлөрү),
Национальное, Панфилов айылдарында жарык өчөт.