Тынарбек Туралиев аттуу жаран кыргыз жерин велосипед менен 41 күндө кыдырып чыкты (фото)

Талас облусунун тургуну Тынарбек Туралиев велосипед менен өлкөбүздүн 7 облусун кыдырып чыкты. Каарман бүгүн, 3-июлда SUPER.KG порталына билдиргендей, кыргыз жерин велосипед менен кыдырып чыгууга 41 күн кетти. Ал саякатын 22-май күнү баштап, 1-июлда аяктаганын айтат.
Саякатчы Бишкектен старт алып, төмөнкү маршрут менен жүргөн: Кара-Балта - Суусамыр - Талас - Чаткал - Ала-Бука - Аксы - Сары-Челек - Таш-Көмүр - Арстанбап - Жалал-Абад - Өзгөн - Ош - Ноокат - Кызыл-Кыя - Кадамжай - Баткен - Сузак - Казарман - Ак-Талаа - Нарын - Соң-Көл - Кочкор - Балыкчы - Тоң - Жети-Өгүз - Түп - Чолпон-Ата - Токмок - Кант. Жалпысынан болжол менен 3500 чакырым аралыкты басып өтүп, 8 ашууну ашкан. 
"Муну менен мен кыргыз өлкөсүнүн жарандары да кыргыз жерин велосипед менен кыдырып чыкса болорун далилдедим. Анткени биздин өлкөнү буга чейин эч ким велосипед менен кыдырып чыккан эмес",- дейт Туралиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Adi.Avazbekov
2015-07-03 21:20:54
Ex kandai kooz jer KYRGYZSTAN Kadamjaidan da bir surotko tuwup koibopsuzda. Sagyndymgoo KADAMJAIdy .
+1
nelya88
2015-07-03 22:36:03
Эн сонун!!!Коруп алып абдан суйундум,менин кичи мекенимди суротко тартпасаныз да.. Бул кылган эрдигиниз абдан коп мактоолорго татыйт!Азаматсыз!
0
aichurok5
2015-07-03 22:42:20
Бул бала кайсыл жердин кулуну ,аты жону ким.
0
Eliza-2014
2015-07-03 23:05:56
Молодец Жигит денсоолук берсин кудайым и велосипедин бышык болсун,сенден саякатчы чыгат дагы башка жерлергеда барып атактуу саякатчы бол азаматсын!
0
Adyl1502
2015-07-03 23:43:25
Данк сага тууган
0
kirgizstan
2015-07-04 00:08:55
Жалгыз эмес окшойтко
0
elif
2015-07-04 04:24:22
Azamatsin Tinar,aldinki sayakattarina ak jol! Alay jakka barip kalsan Alaydin Kun-Elek ayilinin Opko degen jayloosu bar al jakka da barip korson armanda kalbaysin,men barip koroyun dep bara albadim menin orduma sen barip kor:)) Tim ele kok shiber japjashil,biri chon biri kichine eki sharkiratma bar deshet...Amanchilik bolso da bir korsom,ushuga okshogon jerlerdi kinogo tartishsa jakshi bolmok
+1
MoXiTo
2015-07-04 12:20:43
Бали, дагы да ийгилик эмки саякатын дүйнө жүзүнө болсун.
0
st1m_
2015-07-04 19:35:21
Азамат, эми бут дуйнону кыдырганга аракет кыл, шайтан арабан шакылдап журуп турсун.
0
nabi89
2015-07-04 21:58:18
маладес
0
saipi
2015-07-05 00:35:13
Talas jok go
0
Dadasdasd
2015-07-05 01:41:30
Админ ушул баладан интервью алып , кандай кызыктуу окуялар болгонуну чыгаргылачы сураныч.
0
nur16
2015-07-05 18:00:45
сонун болуптур алайга да бара келбептир да
0
nak
2015-07-05 18:18:04
атын Алайга,данкын далайга кетишин каалайм кош колдоп!
0
kubaychbek
2015-07-06 17:33:38
Нарын Жети-Огуз деп алмашылып калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан