Өткөн сутка ичинде өлкөдө 24 миллион 494 миң киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылды. Былтыркы жылдын ушул күнүнүн көрсөткүчү 318 миң киловатт-саатка азыраак болчу. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда "Электр тармактар" ишканасынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, учурда ишкананын аймагында 73 927 тонна көмүр бар, мындан тышкары көмүрдү алып келүү иштери улантылууда. "Токтогул суу сактагычына секундасына 1042 метр куб суу агып кирүүдө, ал эми 332 метр куб суу чыгууда. Сутка ичинде суунун көлөмү 62 миллион куб метрге көбөйүп, учурда 10 миллиард 171 миллион куб метрди түзөт. Бардык объектилер штаттык режимде иштеп жатат",- деп билдиришти мекемеден.
Айта кетсек,
31-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард 433 миллион метр кубду түзгөн.