Министр Таалайбек Айдаралиев Кара-Суу районунда айыл чарба техникаларынын даярдыгы менен таанышты

2-июлда айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Кара-Суу районунда түшүм жыйноодо кызмат көрсөтүүчү айыл чарба техникаларынын даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат бөлүмү кабарлады. 
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү жана Кара-Суу районунун акими айыл чарбасындагы аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы негизги багыттар тууралуу маалымат беришти. 
Кара-Суу районунда “Кылкандуу дан эгиндеринин жаңы сортторун демонстрациялоо жана пахтаны тамчылатып сугаруу ыкмасы” деген аталыштагы семинар өтүп, катышуучулар мамлекеттик сорт сыноочу 72.0 гектар аянттагы айыл чарба өсүмдүгүнүн жогорку түшүмдүү жаңы сорттору менен таанышып чыгышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан