Дамира Ниязалиева: "Адамдардын ден соолугунун 55 пайызы сергек жашоо мүнөзүнө жараша болот"

Бүгүн, 3-июлда вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева журналисттер менен болгон жолугушуусунда бардык өлүмдөрдүн 75 пайызы жугуштуу эмес оорулардан болорун белгиледи. Адамдардын ден соолугунун 55 пайызы сергек жашоо мүнөзүнө жараша боло турганын айткан Ниязалиева инфекциялык эмес оорулардын негизги төрт коркунуч факторлоруна токтолду. "Тамеки тартуу, алкоголду көп ичүү, туура эмес тамактануу жана дене-бой активдүүлүгүнүн жоктугу. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, кант диабетин, жүрөк оорусун, инсультту, 2-типтеги диабеттин 80 пайызын жана рак оорусунун 40 пайызын негизги коркунуч факторлорун (тамеки, ичимдик, аз кыймылдоо, туура эмес тамактанууну) колго алып, күрөшүп, туура багытка коюп, жойсо болот",- деп белгиледи.

Ошондой эле ал эркектер арасында өлүмдүн көбүрөөк болушу бир катар факторлорго, анын ичинде жүрүм-турумдук факторлорго байланыштуу экенин белгиледи. Бул тамеки жана алкоголду керектөө, тамактануу жана кыймыл-аракеттеги активдүүлүк, медициналык абалдар жөнүндө жетишсиз маалымдалганы жана баштапкы медициналык жардамды пайдалануунун төмөн коэффициенти. Мындан улам өнөкөт оорулар кеч аныкталып жана канааттандырарлык кароого алынбай каларын кошумчалады. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан