Ош шаарынын борбордук аянтында 4-июль күнү Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына “Биз сергек жашоо үчүн” аттуу ураандын алкагында ден соолукту чыңдоочу спорттук иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Ош шаардык саламаттык сактоо координатору Абдилатип Шамшиев, шаардагы саламаттык сактоо мекемелеринин кызматкерлери жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышышты.
Ильичбек Эргешов спорт ден соолуктун булагы эле болбостон, тынчтыктын жарчысы, ынтымактын, достуктун данакери экенин айтып, баарын сергек жашоого көңүл бурууга үндөдү. Иш-чара элди сергек жашоого үндөп, спортту чыңдоо максатында өткөрүлдү. Анын негизинде катышуучулар кыргыз бийин шаңдуу бийлешип, ар түрдүү ден соолукту чыңдоочу спорттук көнүгүүлөрдү жасашты.